Эмгек министрлиги
23 октябрь
КР Эмгек министрлиги БУУнун АУЖКБ менен кызматташуу маселелерин талкуулады
2026-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде адам укуктарына негизделген бюджетти түзүү ыкмасын илгерилетүү маселелерин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана адам укуктары жаатындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
