«Коопсуз миграция кербени» Кыргызстандын аймактарында уланууда
Эмгек министрлиги
23 октябрь

«Коопсуз миграция кербени» Кыргызстандын аймактарында уланууда

Ысык-Көл жана Нарын облустарында жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган «Коопсуз миграция кербени» маалыматтык-консультациялык кампаниясынын алкагында иш-чаралар өткөрүлдү.

Кампания Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбор менен биргеликте, Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) колдоосу менен жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү документтерин текшерүү жана эмгек укуктарын коргоо маселелери боюнча консультациялар берилүүдө. Ошондой эле алдамчылыктын кеңири тараган ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулууда. Мындай учурларда алдамчылар жогорку айлык акы жана кепилденген жумуш орундарын убада кылып, өз кызматтары үчүн акча талап кылышат. Жарандарга маалыматты расмий булактар аркылуу текшерүү жана белгисиз адамдарга акча которбоо зарылдыгы эскертилүүдө.с

2026-жылдын 26-октябрынан 30-октябрына чейин кампанияны Талас облусунда өткөрүү пландаштырылууда. Андан ары «Коопсуз миграция кербени» Жалал-Абад жана Чүй облустарында улантылат.

Борбор жарандарды сак болууга, чет өлкөгө ишке орношуудан мурда агенттиктердин ишмердүүлүгүн кылдат текшерүүгө жана шектүү сунуштарга ишенбөөгө чакырат. Маалыматты өз убагында текшерүү каржылык жоготуулардын алдын алууга жана алдамчылардын аракеттеринен коргонууга жардам берет.