Бишкек мэриядан “кидала”: конкурстан өткөн 39 ишкер кирешесиз калышты
23 октябрь

Бишкек мэриядан “кидала”: конкурстан өткөн 39 ишкер кирешесиз калышты

Бишкек мэриясы жайында шаардагы бардык парктардан ижарага орун берүү боюнча конкурс жарыялаган. Ага жеке ишкерлер катышып, 39 жеке ишкер жеңүүчү болгон.

Ошол 39 жеке ишкердин бири – Турдубай аттуу жаран президент Садыр Жапаровдун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуусунда бул тууралуу айтып берди.

“39 жеке ишкер конкурстан мыйзамдуу орун утуп алдык. Сентябрдын башында бир жылга ижара акысын алдын ала төлөтүштү. Жалпысынан 5-6 миллион сомдой каражатты Элдик Банк аркылуу казынага төгүп бердик. Бирок келишим кечиктирилип, эки айдан кийин – ноябрга жакын түзүлдү. Ал убакта сезон дээрлик бүтүп калган. Биз жаздын келишин күттүк”, - деди ал.

Жаран белгилегендей, жаз келип, күн жылып, эми гана ишти башташканда, “мэрге 5-6 локация жакпай жатат, өзгөрткүлө” деген тапшырма келген. Ага да макул болушкан. Бирок көп өтпөй мэриядан келип, ишмердүүлүктөрүнө керектелүүчү жабдыктарды жүктөп кетишкен.

“Түз айтканда биз “кидала” болдук. Конкурска катыштык, акчаны төлөдүк, бирок иштеген жокпуз”, - деди жаран.