Бишкекте 1-ноябрдан тартып жер казуу иштерине ордер берүү убактылуу токтотулат
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин Бишкек шаарындагы асфальт-бетон төшөлгөн муниципалдык автомобиль жолдорунда жер казуу иштерин жүргүзүүгө ордер берүү убактылуу токтотулат.
Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү № 365-т тескемеге 2026-жылдын 22-октябрында кол коюлган.
Бул чара күз-кыш мезгилинде жол катмарын сактоо максатында кабыл алынган. Анткени абанын температурасынын төмөндөшү, жаан-чачын жана жердин тоңушу жер казуу иштеринен кийин асфальтты талаптагыдай калыбына келтирүүнү кыйындатат. Натыйжада жолдордо чөгүүлөрдүн, жаракалардын жана чуңкурлардын пайда болуу коркунучу жогорулайт.
Чектөө төмөнкү иштерге жайылтылбайт:
Муниципалдык ишканалар тарабынан жана алардын буюртмасы боюнча подряддык уюмдар аткарган иштерге;
Инженердик тармактардагы жана социалдык инфраструктура объектилериндеги авариялык-калыбына келтирүү иштерине.
Ошол эле учурда жаңы ордерлерди берүүнүн убактылуу токтотулушу мурда берилген уруксаттар боюнча милдеттенмелерден бошотпойт. Мурда берилген ордерлердин негизинде башталган иштер, ошондой эле жер казуу иштеринен кийин асфальт-бетон жол жабындысын калыбына келтирүү белгиленген мөөнөттөрдө толук аякташы керек.
