Төрага Марлен Маматалиевдин Жапониядагы расмий сапары башталды
Жогорку Кеңеш
23 октябрь

Төрага Марлен Маматалиевдин Жапониядагы расмий сапары башталды

Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Жапониядагы расмий сапары башталды.

Алгач Төрага Токио шаарында аталган өлкөнүн Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Эйсукэ Мори менен жолугушту.

Жолугушууга депутаттар Талайбек Масабиров, Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Бурул Аманова, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Максат Алымбеков жана Эрулан Кокулов катышты.

Тараптар кыргыз-жапон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүү боюнча пикир алышты.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип: “Президентибиз Садыр Жапаровдун 2025-жылдын декабрь айында Жапонияга жасаган расмий сапары жана “Борбордук Азия + Жапония” диалогунун биринчи саммити эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берди. Биз бул багыттагы алакаларды парламенттик дипломатия аркылуу дагы бекемдеп, өнөктөштүктү өрчүтүүгө даярбыз”, – деди.

Айрыкча Талайбек Масабиров жетектеген кыргыз-жапон депутаттык достук тобунун ишин жогору баалаган Төрага тармактык комитеттердин жана парламенттердин аппараттарынын ортосундагы кызматташтыкты да кеңейтүү зарыл экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, Төрага Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу учкай кеп кылып, кесиптешине парламенттик ишти уюштуруу жана мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу сунушун берди.

Жолугушууда социалдык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелерине да өзгөчө көңүл бурулуп, Төрага Кыргызстандын өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Жапониянын Өкмөтүнө жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) ыраазычылыгын билдирди.

“Жапониянын колдоосу менен Кыргызстанда жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана кадрларды даярдоо багыттарында маанилүү долбоорлор ишке ашырылып келет. Айрыкча, быйыл 20 жылдыгы белгиленип жаткан JDS программасы аркылуу жүздөгөн кыргызстандык жаштар Жапониянын алдыңкы университеттеринде билим алышты. Алардын көбү бүгүн мамлекеттик органдарда, анын ичинде Жогорку Кеңеште эмгектенип жатышат”, – деп белгиледи Марлен Маматалиев.

Ошондой эле Жапониянын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Бир айыл, бир продукт” долбоорунун ийгиликтерине да токтолуп, анын жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүдөгү жана кыргыз продукциясын эл аралык рынокко чыгаруудагы мааниси тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде Жапониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Эйсукэ Мори акыркы жылдары эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, Төрага Марлен Маматалиев баштаган делегациянын расмий сапары кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө чоң түрткү берет деген ишеничте экенин кошумчалады.

“Алакаларды арттырууда Өкмөттөр аралык өз ара байланыштар менен катар парламенттердин да ролу өтө маанилүү. Ошондуктан биз кыргыз-жапон кызматташтыгын чыңдоо үчүн Жогорку Кеңеш менен тыгыз иш алып барып, депутаттык достук топторунун да өнөктөштүгүн өрчүтүүгө кызыкдарбыз”, – деген Эйсукэ Мори кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Анын ичинен мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу диалогду активдештирүү маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуудан соң Эйсукэ Мори Төрага Марлен Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясына Өкүлдөр палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар өтчү залдарын көрсөттү.