Бишкекте электр энергиясына карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт
Бишкекте 26-октябрда электр энергиясына карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгын аралыктан өчүрүү пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электр энергиясын өчүрүү АИСКУЭ интеллектуалдык эсептегичтеринин жардамы менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Энергетиктер абоненттерди электр жарыгы өчүрүлүп калбашы үчүн карыздарын алдын ала төлөөгө чакырышат.
Абоненттер жеке эсебинин балансын ишкананын расмий сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн текшере алышат. Ошондой эле турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн «Мой свет» мобилдик тиркемеси жеткиликтүү.
Электр энергиясы үчүн карызды банктык тиркемелер, электрондук капчыктар, төлөм терминалдары жана банктардын кассалары аркылуу төлөөгө болот.
Ишканадан белгилешкендей, төлөмдөр реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлөт. Ошондуктан абоненттерге электр энергиясын өчүрүү башталганга чейин төлөм жүргүзүү сунушталат.
Кошумча суроолор жаралса, шаар тургундары 105 кыска номери аркылуу күнү-түнү иштеген байланыш борборуна кайрыла алышат.
