Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин жыйыны өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 октябрь

Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкекте 28-октябрда Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын  Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Казакстандын «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын Президиумунун төрагасы Канат Шарлапаев, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Жыйында өнөр жай кооперациясы, энергетика, инвестиция, чек ара соодасы, транспорт жана логистика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспорт жана туризм маселелери талкууланат.

Программанын алкагында B2B сүйлөшүүлөрү уюштурулуп, ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү табууга жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Максат — эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын бекемдөө жана бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.