Нурбек Талантбеков, «Манас» театрынын директору: «Бала кезде Америкага кетип бийчи болом дечүмүн»
30 май

Нурбек Талантбеков, «Манас» театрынын директору: «Бала кезде Америкага кетип бийчи болом дечүмүн»

Республикабызда жаш жетекчилердин катарын «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков бар. Жаш болсо да өз ишин жакшы билген жетекчи суроолорубузга мына минтип жооп берди. 

– Нурбек мырза, учурда  “Манас” театрында, чыгармачылыкта кандай жанылыктар болуп жатат?

– Буга чейин манасчылар, төкмө акындар ар кайсы жерде жүрсөк азыр кудайыма шүгүр Президентибиз Садыр Нургожоевич баардык шарттары бар, заманбап “Манас” театрынын имаратын салып, баарыбызды айлык менен камсыздап койду. Учурда “Манас борборунун” курулуш иши менен алекпиз. “Тайтору” спектаклибиз аймактарда коюлуп, төкмө акын, дастанчыларыбыз да концерттик програмалары менен жети облуста жүрүшөт.

Бала бакчадан тарта жогорку окуу жайларга чейин конкурстар өткөрүлүп айрымдарын жыйынтыктап жатабыз. Жаңы китептер басмадан чыгып жатат. Жакында кыргыз казактын ортосундагы айтышты өткөргөнү турабыз. Айтор бизде тыным жок иштеп жаткан учурубуз.

– Нурбек Талантбеков кантип Манас ааламаны аралашып калды эле? 

– 1997-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылына жарык дүйнөгө келгем. Бала чагымда Манас менен ишим жок “брек-данс, хип-хоп” деген бийлерди бийлеп, “Чоңойсом Америкага кетип чоң бийчи болом”  деп жүрчүмүн. Мектепте 5-классты окуп жүргөн кезимде мугалимдердин себеби аркасында Манас ааламына келип калгам. Коркуска катышуу үчүн Манас жаттагам. Ошондон кийин белги аян алып бул  ааламга баш отум менен кирип кеткем. Туруктуулукту, сабырдуулукту талап кылган Манас ааламы өзүнө биртоло сиңирип алып бүгүнкү күнгө чейин изилдөөлөрдүн  аягына  чыкпай келем. 

– Конкурска катышып эн алгач байге алган кунун эсиндеби?

– Эң алгач 5-класс окуп жүргөнүмдө Ленин райондук Манасчылардын кароо сынагына катышып ийгиликке жетишкем. Кийин шаардык, облустук чоң конкурстарга катыша баштадым. Ошол кезде Манасты окуп, жаттап, айрым учурда  баатырлар менен аралашып, күйүп жанып, башка ааламда жашап “жинди” болуп кете жаздагам.  

– Манасчылар ааламында кайыптан келген экинчи бир аалам болот. Булар аян менен жашашат деген чынбы?

– Коомчулукта “Манасчы” десе эле түш көрөт, аян алат ошондон кийин оозунан манас куюлуп айтып башташат түшүнүк бар. Айрым учурда, “Түш көрүп айтасыңбы же жаттап айтасыңбы?” деген суроолор да берилет. Негизи аян алган бул чакырык катары кабыл алыш керек. Чоң манасчы болуш үчүн жаттайсың, изилдейсиң, окуйсуң, анализдейсиң бата аласың, такшаласың ошондон кийин гана төгүлүп айтып баштайсың. 3-7-40 күндүк айтууда такшалган адам транска кирип айта берет. Айрым маданий иш-чараларда 3-4 мүнөт убакыт берсе, бир-эки окуя жаттап алып отуруп алып турбай манас айтып Манастан шоу жасагандарды көрүп жүрөбүз бул туура эмес.  Ошондой көрүнүштөн арылышыбыз керек.  

– Копчулук Манасчылар түшүнөн  Манас, Бакай, Кошойлорду көрөт дейт. Сенде мындай абал болду беле?

– Манас атабызды чексиздик катары көргөм. Пейилиң тар, оюн бузук, кызганыч, жаман сезимдериң болсо ааламдай Манаска батпайсың. Кең ааламдай болуш керексиң деп кабыл алгам. Бабабыз Манас, Кошой, Бакайлар тарыхта жашап өткөн тарыхый инсандар, айкөл баатырлар болгон үчүн Жаратканым бизге берген улуу космикалык адамдын акылы жетпеген керемети, касиети катары карайм. Менин түшүмө да ушундай кирип турат.  

– Жетекчилик иш менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү оорбу? 

– Эки ишти бирдей алып кетүү абдан оор. Театр жаңы ачылганда директордун орун басары болуп үч жылга жакын иштеп, аймактарды кыдырып чыгармачылык менен да иш алып барган элем. Директор болуп келгени өзүмдүн эмес жалпы чыгармачыл инсандардын иши өркүндөсүн деп тармактын кызыкчылыгы үчүн чуркап жүрүп баары арткы планга жылып калды. Азыр менин үй бүлөмдөн да ишим алдыдагы планда турат десем болот.   

– Кээде буулугуп манас айткын келген учурлар болобу?

– Буга чейин Манас айтып, бугубузду чыгарып көнүп калганбыз да. Кээде буулугуп Манас айткым келген учурлар болот. Андай учурларда атайын жан дүйнө тынч алчу жерге барып айтып алам. Антпесе өзүңө өзүң батпай баштайсың... 

– Балалык каякта кандай шартта өттү? 

– Балалыгым Ат-Башынын айылдарында анан ооруканда өттү. Көз оору менен жабыркаганым үчүн балалыгымда ийнени көп алып, ооруканада көп жаттым. Турмуш шартка байланыштуу ар кимдин колунда, ар кайсы жерде, ар түркүн чөйрө мектепте окуп, жалпы жети жерде билим алыптырмын. “Бактылуу балалыкта чоңойдум” дегенден алысмын. Себеби, жашоонун ысык-суугун эрте көрүп турмуш мени эрте чыйралтты десем болот.  

– “Өнөр” эне аркылуу берилет деп элибизде айтылат эмеспи. Жети ата тараптан тукум кууп келген өнөрбү? Негизи эле сиз сыяктуу башка туугандарыңыз да манас айтышабы? 

– Ата журтумдан Манасчы чыгыптыр деген тарыхта жок, уккан эмесмин. Ал эми тайжуртумда тарыхта аты аталып жүргөн айтылуу манасчы Келдибек Карбоз уулу жана Балыкооз Кумар уулу манасчы чыккан. Буларга Манас өңүндө жолугуп, Аккуланын, Мааникердин тукумунан белекке берип, “аттуу манасчылар” деп айтылып келет.  Келдибек Манасчы менин алтынчы таятам болгон үчүн эненин кардынан келген өнөр деп кабыл алам.   

– Кайсы жердин куйө баласы болосуң? 

– “Кыргызстанды түрө кыдырсаң эң көп Саяктар экен” деп тамашалап калчу элем. Өзүм Токтогулдун Бел-Алды айылынын кызын алып, нике кайып экен Саяктын күйө баласы болуп калдым. Азыр кудайга шүгүр бир уул, бир кызым бар. Үчүнчү перзентибизди күтүп жаткан учурубуз.   

– Кыргыздын ырым-жырымына ишенесинби? 

– Кыргыздын каада салты, ырым-жырымы жашоонун мыйзамы. Канча миң жылдык бай тажрыйба, көрөңгөсү десек болот. Макал-лакабы, накыл кеби, тергөө санат ырлары азыркы тил менен айтканда кыргыздын конституциясы десем болот. Эмчиликтен баштап, ангинада тамакты, жүрөк көтөрүү, аластоо, киренелөө, тирсекти, тибирткени  жок кылуу ырымдары бүгүнкү күндө да актуалдуу. Азыркы тапта менин да жашоомдо коштоп жүрөт. 

– Алдыда жеке жашоодо, чыгармачылыкта кандай пландар бар?

– Алдыда жасалма интеллект менен эпосубузду элге жеткирүүнү пландап заманбап технологияны окуп, үйрөнүп жаткан учурум. Андан сырткары китептерди чыгарабыз деген пландарыбыз бар. Кароо конкурстарды да уюштуруп, археологиялык, архивдик изилдөөлөрдү жүргүзсөк деген максаттар чоң.