Барскоон – Бедел унаа жолунда эки туннель курулууда: жерине 900гө жакын техника тартылды
10 июль

Барскоон – Бедел унаа жолунда эки туннель курулууда: жерине 900гө жакын техника тартылды

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев президенттин тапшырмасынын алкагында Барскоон – Бедел унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

Иш сапардын жүрүшүндө жолдун негизги тилкелеринде жана тоннелдерде аткарылып жаткан иштер каралып, подрядчы China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

Өзгөчө туннелдердин курулушуна көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө №1 туннелде (Сөөк) негизги туннелди казуу иштери 75,8 метрден 365 метрге чейин, ал эми пилоттук туннелди (штольни) казуу 155,3 метрден 466,2 метрге чейин алдыга жылды.

№2 туннелде (Ашуу-Суу) негизги туннелди казуу 19,2 метрден 270,2 метрге чейин, пилоттук туннелди казуу болсо 76,8 метрден 361,4 метрге чейин узартылды.

Жалпы узундугу 161 чакырым болгон унаа жолдун бардык тилкелеринде курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Объектте 1 700дөн ашык жумушчу эмгектенип, 814 бирдик атайын техникалар тартылган.

Подрядчы компанияга курулуш иштерин бекитилген графикке ылайык жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, коопсуздук талаптарын так сактоо жана бардык зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Барскоон – Бедел унаа жолу Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүп, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, чек ара аймактарынын жана жалпы экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанидеги ири инфраструктуралык долбоор болуп саналат.