Адам өлтүрүүгө шектелип, 12 жылдан бери качып жүргөн кылмышкер Кыргызстанга алып келинди
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин биргелешкен операциясынын жүрүшүндө Стамбул шаарында 12 жылдан бери укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн, 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга алып келинди.
Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде (алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан адам өлтүрүү) каралган өзгөчө оор кылмышты жасаган деп айыпталууда.
Тергөө маалыматына ылайык, 2014-жылдын февраль айында Бишкек-Ош унаа жолунда чыккан жаңжалдын жүрүшүндө такси айдоочусу М.У. өлтүрүлгөн. Кылмыш жасалгандан кийин А.Ш. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетип, Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.
Аталган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуунун, заманбап санариптик технологияларды жана эл аралык маалымат алмашуу механизмдерин колдонуунун, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн аркасында мүмкүн болду.
