Кадамжайда Бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборунун курулушу жүрүп жатат
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
10 июль

Кадамжайда Бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборунун курулушу жүрүп жатат

Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында Бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборунун курулуш иштери уланууда.

Долбоор Баткен облусун 2021–2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.

Курулушка республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү 500 млн сомдун эсебинен 100 млн сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 10 млн сом бөлүнгөн.

Долбоордун негизги максаты – райондогу мамлекеттик мекеме-ишканаларды бир жерге топтоп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле шаар ичиндеги жол тыгынын азайтуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган. Борбордо 20 бирдиктүү терезе уюштурулат.

Жаңы борбордо Социалдык фонд, Социалдык коргоо башкармалыгы, Архитектура кызматы, Кадастр, Почта, Статистика, Сүрмө-Таш мамлекеттик жаратылыш коругу, ГАСК, Жер жана суу көзөмөл кызматы, Экология кызматы, Пробация органы, Мергенчилер коому, мамлекеттик нотариус, ФАП жана тейлөө объектилери жайгашат.

Долбоордун алкагында 1 гектар аянтка унаа токтотуучу жай да курулууда.

Белгилей кетсек, бул имараттын курулушу 1988-жылы оорукана катары башталып, кийин токтоп калган. Учурда имарат толугу менен кайра реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык Бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборуна айландырылууда.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жеринен таанышып, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Объектти 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.