Абылкаир Скаков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды
www
10 июль

Абылкаир Скаков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды

Абылкаир Скаков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.

Бул кызматта Скаков 2021-жылдын апрелинен бери Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктү жетектеп келген Рапиль Жошыбаевди алмаштырды.