Бишкектин бир бөлүгүндө авариядан улам суу өчүп калды
10 июль

Бишкектин бир бөлүгүндө авариядан улам суу өчүп калды

Бүгүн, 2026-жылдын 10-июлунда саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталды. Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу берүү убактылуу токтотулду: Чыгыш ЧЧК – Анкара көчөсү – Кыдыр-Аке көчөсү – Оберон көчөсү – Лев Толстой көчөсү – Аламүдүн суусу – М. Горький көчөсү – 7-апрель көчөсү  – Чыгыш ЧЧК.

Учурда адистер абалды иликтеп, авариянын кесепеттерин жоюу иштерин башташты. Калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат түшкөн сайын жарыяланып турат.

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде суу топтомонун электр энергиясы толугу менен өчүрүлөт. Насостук жабдуулар электр энергиясы менен иштегендиктен, бул убакыт аралыгында суу берүү мүмкүн болбойт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан калкка ичүүчү суу ташып жеткирүү уюштурулат.

Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана тургундарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.