Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеев өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду
Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеев өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Буга чейин ал УКМКнын СИЗО-1 мекемесинде кармалып турган. Анын бөгөт чарасы 9-июлда өзгөртүлгөн.
АКИpress агенттигинин маалыматына ылайык, Мусакеев массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү фактысы боюнча козголгон иштин алкагында өтүүдө. Ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда анын жеке күзөтчүсү болгон, кийин УКМК төрагасынын орун басары макамында Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген.
Сот тергөө органдарынын бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган. Андан кийин Мусакеев камактан бошотулган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ишке тиешеси бар адамдар мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акцияларын уюштурууну пландашкан. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин бул иш боюнча бир нече адам кармалган. Алардын арасында Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана башка фигуранттар бар.
Дамир Мусакеев кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү иши боюнча да белгилүү. 2019-жылы сот аны беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин өкүм жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн.
