Баткен облусунда 460 балага кайрымдуулук иретинде кийим-кече тапшырылды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
10 июль

Баткен облусунда 460 балага кайрымдуулук иретинде кийим-кече тапшырылды

Баткен облусунда камкорчусунан ажыраган жана социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 460 балага кийим-кече тапшырылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чара “Эмират” эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. 

Белгилей кетсек, уюм Баткен облусунда калктын социалдык жактан аяр катмарын колдоо багытында бир катар гуманитардык долбоорлорду ишке ашырып, муктаж жарандарга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп келет.