Кыргызстандын киберфутбол боюнча улуттук курамасы FIFA E мелдешинде өлкө намысын коргоду
Кыргызстандын киберфутбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык FIFAe киберспорттук мелдешине катышып, өлкөнү үч дисциплина боюнча татыктуу көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Кыргызстандын өкүлдөрү eFootball Mobile (2х2), eFootball Console (2х2) жана Rocket League (3х3) дисциплиналарында күч сынашып, жогорку деңгээлдеги атаандаштыкта өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.
eFootball Mobile (2х2) дисциплинасында Кыргызстандын намысын Мухтаржанов Мухаммадазиз менен Ибрагимжанов Ислам коргоду.
2026-жылдын 6-майында башталган квалификациялык этап үч жумага созулуп, команда биринчи жумада тайпасында 4-орунду, экинчи жумада 2-орунду, ал эми үчүнчү жумада 3-орунду ээледи. Жалпы жыйынтыгында кыргызстандык дуэт турнирдин жалпы рейтингинде 10-орунду камсыздап, байгелүү орунга бир кадам жетпей калды.
eFootball Console (2х2) дисциплинасында Усоков Элтуран менен Эстебесов Дастан өлкө намысын коргоду. 15-апрелде башталган квалификациялык оюндарда команда жалпысынан 32 беттеш өткөрүп, ар бир этап сайын оюн деңгээлин жогорулатты. Биринчи жумада тайпасында 3-орунду, экинчи жумада 1-орунду, ал эми чечүүчү үчүнчү жумада 2-орунду ээледи.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасына LAN баскычына чыгуу үчүн болгону 10 упай жетишпей калды. Asia (East) & Oceania аймагынын жалпы рейтингинде команда 7–8-орунду ээлеп, бул дисциплина боюнча өлкө тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчтөрдүн бирине жетишти.
Ал эми Rocket League (3х3) дисциплинасында Кыргызстандын атынан Крыгин Илья, Ли Виктор, Востриков Владимир жана Нескоров Максим оюн көрсөтүүдө. Бул дисциплина боюнча квалификациялык этап 29-апрелде башталган жана учурда дагы уланууда. Кыргызстандын курама командасы кийинки баскычка чыгуу үчүн күрөшүн улантып жатат.
