Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь
Кыргызстанда туризмди жыл бою иштеген тармакка айландыруу пландалууда
Кыргызстанда туризмди кирешелүү, жыл бою иштеген тармакка айландыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымына караганда, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарынын мүмкүнчүлүгү чексиз.
Бул багытта «Ала-Тоо Резорт», «Байтик Резорт», «Чаткал Резорт» сыяктуу бир катар долбоорлор ишке ашырылат. Ошондой эле Бишкек, Ош, Манас шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык иш-чараларды өткөрүү аркылуу бизнес-туризми өнүктүрүлөт.
"Ишкердикти жаңы баштагандарга тоо шартында чакан бизнести өркүндөтүүнү сунуштайм. Анда сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, улуттук ашкана, ат менен сейилдөөгө жана тоо экскурсияларын уюштурууга басым жасалышы керек", - деди президент.
