Садыр Жапаров: Кыргызстанга инвестиция салууга кызыккандар абдан көп
президенттин администрациясы
21 октябрь

Садыр Жапаров: Кыргызстанга инвестиция салууга кызыккандар абдан көп

Кыргызстанга инвестиция салууга кызыккандар абдан көп. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. 

Анын айтымына караганда, ар бир сунушту тыкыр талдап, аларга прагматикалык мамиле жасап, мамлекет үчүн да, инвестор үчүн да пайдалуу кызматташууга баруу керек.

"Уруксат берүүчү документтерди алууну, инвестициялык келишимдерди түзүүнүн жол-жоболорун жана инвесторлорду коштоону мындан ары да жөнөкөйлөтүүнү улантабыз. Биздин милдет – инвесторлорду тартуу менен чектелбей, алар ишке ашырып жаткан долбоордун ийгиликтүү иштеп кетишине, жаңы жумуш орундарына, өндүрүшкө жана экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө айланарына зарыл шарттарды түзүү. Бюрократия кылып, аркаңардан ээрчитпестен, эгерде реалдуу инвестор болсо, силер алардын аркасынан чуркашыңар керек. Ошондуктан инвесторлорду туура мамиле менен коштоп жүрүү – инвестициялык саясаттын эң маанилүү бөлүгү", деди ал.