Театр жана кино актёру Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракеси белгиленет
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Театр жана кино актёру Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракеси белгиленет

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру, обончу Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракесине карата М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Мааракенин алкагында 3-ноябрда С. Ахмаддын «Келиндер козголоңу» комедиясы, 4-ноябрда Эдуардо де Филиппонун «Цилиндр» спектакли көрсөтүлөт. Ал эми 5-ноябрда саат 13:00дө мааракелик концерттик программа тартууланат.

Кенжекул Мендебаиров 1946-жылы 7-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. Ал 1977-жылдан бери Нарын облустук музыкалык драма театрында эмгектенип, кыргыз сахнасында бир катар көрүнүктүү образдарды жараткан. Актёрлук менен катар обон чыгарып, «Сулууларга суктанууга акым бар», «Кечирип кой», «Соң-Көл» сыяктуу ырлары менен элге таанылган.

Өнөргө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун «Алтын медалына» жана башка сыйлыктарга татыган. Ошондой эле Нарын шаарынын жана Жумгал районунун ардактуу атуулу.

Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракеси — кыргыз театр жана музыка искусствосуна сиңирген көп жылдык эмгегин баалоого, улуттук маданияттын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилөөгө арналат.