Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулат
Чүй облусунун Шопоков шаарында 7,7 млн долларлык сүттү кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестициялар агенттигинен билдиришти.
Долбоорду ишке ашыруу маселесин агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров «Нукура Про» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен талкуулады.
Жалпы инвестициянын 5,4 млн доллары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кредиттик келишиминин алкагында каралган. Каражат заводду курууга, технологиялык жабдууларды сатып алууга жана курулуш-монтаждоо иштерине жумшалат.
Ишканада пастерленген жана ультрапастерленген сүт, каймак жана сүт коктейлдери өндүрүлөт. Даяр продукция ички рынокто сатылып, Казакстан менен Өзбекстанга экспорттолот.
Долбоор ишке ашса, жергиликтүү фермердик чарбалардан сүт чийки затына болгон суроо-талап көбөйүп, заводдо 50гө чейин жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.
Ошондой эле долбоорду жана ага тиешелүү товарларды Инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул технологиялык жабдууларды импорттоодо тарифтик жеңилдиктерди берүү маселесин кароого мүмкүндүк берет.
