Улуттук онкология жана гематология борборуна эки санариптик маммограф орнотулууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Улуттук онкология жана гематология борборуна эки санариптик маммограф орнотулууда

Улуттук онкология жана гематология борборунда эки санариптик маммографты орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Борбор 2D-маммография жана томосинтез ыкмасы менен 3D-маммография жүргүзүүгө арналган жабдууларды алды. Аппараттардын бири рентгендик көзөмөл астында бутага алынган биопсия жүргүзүүгө да мүмкүндүк берет.

Томосинтез ыкмасы сүт безинин ткандарын катмар-катмары менен сүрөткө тартууга шарт түзөт. Бул сүрөттөгү түзүлүштөрдүн бири-бирине кабатталышын азайтып, шектүү өзгөрүүлөрдү так баалоого жардам берет.

Ал эми бутага алынган биопсия аркылуу шектүү аймактан материал алынып, диагнозду тактоо үчүн морфологиялык изилдөө жүргүзүлөт.

Жаңы маммографтар орнотуу жана жөндөө иштери аяктап, медициналык кызматкерлер жабдууларды колдонуу боюнча окуудан өткөндөн кийин иштей баштайт.