Ош шаарында жазуучу Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү
Ош мэриясы
21 октябрь

Ош шаарында жазуучу Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында залкар акын, жазуучу Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган "Өчпөс из, өлбөс сөз" аттуу эскерүү кечеси өттү. 

Мэриядан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көргөзмө уюштурулуп, видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы "Жаштар" театрынын "Акын жана убакыт" аттуу сахналаштырылган көрүнүшү тартууланып, акындын ырлары көркөм окулуп, сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылды.

Кечеде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Суранчы Жетимишов жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зинакан Пасанова акындын чыгармачылык мурасы тууралуу ой бөлүшүп, адабий композиция тартуулашты.

Мааракеге Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев жана башка коноктор катышып, Камбаралы Бобуловдун кыргыз адабиятына кошкон салымын белгилешип, сөз сүйлөштү.

Эскерүү кечеси акындын бай адабий мурасын даңазалоого жана аны жаш муундарга жеткирүүгө багытталды.