Кыргызстандын күз-кыш мезгилине даярдыгы: энергетика министрлиги депутаттарга отчет берди
Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков 2026-2027-күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей, 2026-жылдын 9 айында өлкөдө 11 млрд 314 млн киловатт электр энергиясы өндүрүлгөн, план боюнча 10 млрд 334 млн киловатт өңдүрүлүшү керек болчу.
Ал эми электр энергиясынын импорту – 3 млрд 14 млн киловатт.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 1-октябрга карата 11 млрд 404 млн куб метрди түздү. Ал эми 20-октябрга карата – 11 млрд 312 куб метр.
Бишкек ЖЭБине 1 млн 512 миң тонна көмүр зарыл болсо, бүгүнкү күндө 439 900 тонна көмүр жеткирилди.
Ошондой эле министрдин айтымына, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштери аяктоодо. Бишкек-Ош унаа жолунун Камбар-Ата-1 ГЭСинин плотинасына чейин барчу 318 чакырымындагы жол аяктап, асфальт төшөө иштери башталды.
