Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң сомдон ашты
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң сомдон ашты

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–август айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 55 079 сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7%га көп.

Керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 16,1%га өстү.

Эмгек акынын эң жогорку өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:

• Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 1,5 эсеге;

• Саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө — 49,1%га;

• Билим берүү — 44,5%га;

• Курулуш — 37,6%га;

• Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 35,7%га;

• Айыл, токой чарбасы жана балык уулоочулук — 30,8%га;

• Суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү — 30,6%га.

Ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында эмгек акы 24,5%га, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында 23,5%га, административдик жана көмөкчү ишмердикте 22,0%га өстү.