Текебаев дээрлик 25 жылдан кийин Үзөңгү-Кууш боюнча өз позициясын дагы бир жолу түшүндүрдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Текебаев дээрлик 25 жылдан кийин Үзөңгү-Кууш боюнча өз позициясын дагы бир жолу түшүндүрдү

Саясатчы Өмүрбек Текебаев дээрлик 25 жылдан кийин Үзөңгү-Кууш боюнча өз позициясын дагы бир жолу түшүндүрдү.

Ал өз позициясын социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Анын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

«2002-жылы Узөңгү-Кууш Кытайга өткөн. Андан бери дээрлик 25 жыл өттү. Бирок ушул күнгө чейин мен жөнүндө жалган маалымат таратып келе жаткан адамдар бар.

Алардын айтканы мындай: «Узөңгү-Кууш боюнча мыйзам долбоорун Мыйзам чыгаруу жыйыны карап жатканда Текебаев оппозициялык маанайдагы депутаттар менен кошо залдан чыгып кеткенде, кворум болмок эмес. Текебаев залдан чыкпай, атайылап каттоодон өтүп, кворум түзүп бергендиктен, Узөңгү-Кууш Кытайга өтүп кеткен».

«Текебаевдин бул кылганы — чыккынчылык. Жөн эле эмес, тарыхта түбөлүк кала турган чыккынчылык», — деп, бүгүнкү күнгө чейин талыкпай айтып келишет.

Албетте, бул — жалган.

Чын эле алар Узөңгү-Кууштун Кытайга өткөрүлүшүн камсыз кылгандардын аракетин чыккынчылык деп эсептеп, бүгүнкү күнгө чейин аларды жек көрүшөбү?

Жок, андай эмес.

Тескерисинче, ошол мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке киргизип, эки палатанын депутаттары менен иштеп, мыйзамдын парламенттен өтүшүн камсыз кылган негизги адамдын атын аташпайт. Аны чыккынчылык кылды деп да айыпташпайт. Тескерисинче, ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин алардын көпчүлүгү аны колдоп келишет.

Бул жагдай алардын чыныгы ниетин көрсөтүп турат. Эми эмоцияга эмес, фактыларга кайрылалы.

Биринчиден, кворум маселеси.

Ал кезде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында 60 депутат болгон. Конституцияга жана Регламентке ылайык, жыйындын кворуму үчүн жалпы депутаттардын кеминде үчтөн экиси, башкача айтканда, 40 депутат катышууга тийиш эле.

Добуш берүү алдында нааразы депутаттар залдан чыгып кетүүнү талкуулаганбыз. Ошондо залда отургандарды санап чыктык. Биз чыгып кеткен күндө да кеминде 40 депутат ордунда кала турганы анык болду.

Демек, биз чыксак да, чыкпасак да кворум болмок. Биздин чыгып кетишибиз кворумдун болушуна эч кандай таасир этмек эмес.

Анын үстүнө өкмөттүн өкүлдөрү добуш берүүгө каршы депутаттарга: «Эгер добуш бербесеңер, тоскоол болбой залдан чыгып кеткиле», — деп кайрылышкан, суранышкан. Алар да эсептегенди билишет. Ызы-чуу кылып, добуш берүүгө тоскоол болгон депутаттардын чыгып кетишине кызыкдар болушкан. Өкмөткө так ушул керек эле.

Мага да төрага: «Өмүрбек, катталбагандар тоскоол болбой чыгып кеткиле», — деген.

Кыргызда «Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деген сөз бар. Биз баарыбыз залдан чыгып кетсек, дал ошондой абалга түшмөкпүз.

Ошон үчүн мен атайылап залда калдым. 41- болуп. Эмне үчүн?

Мен башка депутаттардын ордуна кимдир бирөө добуш берип жибербесин же добуш берүүсүнө басым жасалбасын, мыйзамды колдогондордун саны жасалма түрдө көбөйтүлбөсүн деп көзөмөлдөп отурдум.

Анткени биздин ошол кездеги укуктук позициябыз боюнча мамлекеттик чек араны өзгөртүү үчүн парламент депутаттарынын кеминде үчтөн экисинин, башкача айтканда, 40 депутаттын макулдугу талап кылынмак.

Биз Россия империясы менен Кытайдын ортосундагы тарыхый келишимдер, анын ичинде 1884-жылкы Жаңы Маргелан протоколу аныктаган, кийин Совет мамлекетинин чек арасы катары калыптанган жана иш жүзүндө чек арачылар тарабынан кайтарылып келген чек ара Кыргызстандын кол тийгис мамлекеттик чек арасы деп эсептечүбүз жана төмөнкү укуктук негизге таянганбыз:

1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларация ошол кездеги чек аралардын кол тийгистигин бекемдеген;

1991-жылдын 31-августунда кабыл алынган Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация бул принципти ырастаган;

1993-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренеси мамлекеттин аймагынын кол тийгистигин жана бөлүнбөстүгүн белгилеген.

Ошондуктан мындай чек араны өзгөртүү жөнөкөй көпчүлүк менен эмес, Конституцияда каралган квалификациялуу көпчүлүк менен чечилиши керек деген позицияны карманганбыз.

Менин максатым — мыйзамды колдогондордун добушу 40ка жетпей калса, кийин аны Конституциялык сот аркылуу жокко чыгарууга укуктук негиз түзүү эле.

Ошентип, бул мыйзам долбоорун 36 депутат эле колдоду, экөө каршы добуш берди, экөө калыс калды, бирөө добуш берүүгө катышкан жок.

Чек араны өзгөртүү үчүн зарыл болгон 40 добуш топтолгон жок. Балким, мен залда калбасам 40 добуш да болмок.

Бирок бийлик мыйзам өттү деп жарыялап жиберди.

Экинчиден, Конституциялык соттун чечими.

Кийин депутаттар чындыгында эле мен айткан негизде Конституциялык сотко кайрылышкан.

Бирок Конституциялык сот бул мыйзам мамлекеттик чек араны өзгөртпөйт, болгону аны аныктайт деген укуктук позицияны карманган.

Орусча айтканда, «изменение государственной границы» эмес, «установление государственной границы» деген түшүндүрмө берилген.

Мына ушундай укуктук чечмелөө аркылуу мамлекеттик чек араны өзгөртүү үчүн Конституцияда каралган үчтөн эки добуш жөнүндөгү талап колдонулбай калган.

Үчүнчүдөн, мыйзамды ким демилгелеп, ким өткөргөн?

Эң кызыгы, мени 25 жылдан бери күнөөлөп келе жаткан адамдар мыйзамдын чыныгы демилгечилери жана аны өткөрүүнү уюштургандар жөнүндө дээрлик сөз кылышпайт.

2002-жылдын 3-майында Узөңгү-Кууш боюнча мыйзам долбооруна ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев кол коюп, Жогорку Кеңешке киргизген.

Демек, мыйзамды парламенттен өткөрүү, депутаттар менен иштөө, кворумду камсыз кылуу жана зарыл добуштарды топтоо ошол кездеги өкмөттүн, анын башында турган Курманбек Бакиевдин саясий милдети болгон.

Өкмөт бул милдетин толук аткарган. Депутаттар менен иштеп, добуш берүүнү уюштуруп, мыйзамдын кабыл алынышын камсыз кылган.

2002-жылдын 10-майында Мыйзам чыгаруу жыйыны, 17-майында Эл өкүлдөр жыйыны бул мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Ал эми 25-майда президент Аскар Акаев мыйзамга кол койгон.

Бирок бул эмгегине карабастан, 22-майда Коопсуздук кеңешинде Аксы окуясы каралып, Курманбек Бакиев премьер-министрлик кызматынан кеткен.

Эми суроо туулат: эмне үчүн мыйзамды демилгелеген, аны коргогон жана парламенттен өткөргөн адамдар жөнүндө унчукпай, тескерисинче, ага каршы күрөшкөн, добуш бербеген Текебаевди күнөөлөшөт?

Бул жерде саясий кызыкчылык үстөмдүк кылган.

Муну түшүнүү үчүн ошол кездеги саясий кырдаалды да эстейли.

2002-жылы Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүнүн аякташы жакындап келе жаткан. Коомдо кийинки президент түштүктөн болушу керек деген пикирлер айтылып, айрым саясий топтор өз талапкерлерин издеп, даярдай башташкан.

Мен 2000-жылдагы президенттик шайлоого катышып, элдин олуттуу колдоосуна ээ болгом. Шайлоочулардын бир бөлүгү мени табигый талапкер деп ойлошот эле. Бирок, ошол мезгилдеги саясий күрөштүн жана атаандаштыктын өз логикасы бар эле.

Ал эми мени бүгүн да Узөңгү-Кууш маселеси боюнча күнөөлөп жүргөн айрым адамдар ошол кезде эле Бакиев менен жең ичинен, өзүнчө саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны келечектеги президенттикке талапкер катары көрүп, колдоп жүрүшкөн.

Кийинки окуялар алардын ким экенин, кимди, кантип колдогонун көрсөттү.

Мына ошондуктан бул адамдардын негизги максаты Узөңгү-Кууш боюнча мыйзамдын кабыл алынышына ким кандай салым кошконун объективдүү аныктоо эмес, мени саясий жактан каралоо болгон деген ойго келем.

Төртүнчүдөн, бул маселе боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар.

2006-жылы «Жаңы Ордо» гезити мени Узөңгү-Кууш маселеси боюнча күнөөлөп, жалган маалымат жарыялаган.

Мен сотко кайрылгам.

Бул ишти Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап, чечим чыгарган. Ал чечим мыйзамдуу күчүнө кирген.

Сотто кворум маселеси да каралып, «Текебаев болбосо, кворум болмок эмес» деген айыптоонун негизсиздиги, добуш берүү учурунда Текебаевден тышкары да кворум үчүн зарыл болгон 40 депутат катышканы аныкталган.

Мени бүгүн да күнөөлөп жүргөн адамдар бул сот чечимин билишет. Билгенине карабастан, баягы эле жалган маалыматты кайра-кайра таратып келишет.

Арадан дээрлик чейрек кылым өттү. Бүгүн коомчулук бул окуяга кимдин кимге саясий жактан жан тартканына карап эмес, фактыларга таянып баа бере алат деп ишенем.

Тарыхты жалган жалаа менен өзгөртүүгө болбойт. Акыркы сөздү фактылар жана документтер айтат».