Бишкекте окуучуларга ой жүгүртүү жана маалыматты текшерүү үйрөтүлдү
Бишкек мэриясы
21 октябрь

Бишкекте окуучуларга ой жүгүртүү жана маалыматты текшерүү үйрөтүлдү

Бишкек шаарында окуучулар үчүн медиасабаттуулук, фактчекинг, сынчыл ой жүгүртүү жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү пайдалануу боюнча билим берүү программасы уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтобүбү Ашимбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Жыргал Абдыжапарова жана долбоордун спикерлери катышты. Алар жаштар арасында медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Иш-чаранын негизги максаты — окуучуларды маалыматты текшерүүгө, жалган маалыматтарды таанууга жана санариптик технологияларды аң-сезимдүү пайдаланууга үйрөтүү.

Окутуу программасы борбор калаадагы 8 мектепти жана 600 окуучуну камтыды. Анын алкагында окуучулар заманбап санариптик мейкиндикте маалымат менен коопсуз иштөө үчүн зарыл болгон билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Программанын жыйынтыгында жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлүп, анда окутуунун натыйжалары чыгарылды. Ошондой эле мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, өзгөчө активдүүлүгүн көрсөткөн катышуучулар сыйланышты.

Долбоордун демилгечиси жана уюштуруучусу болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш эсептелет.