Депутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чалып, байланыша алган жок
21 октябрь

Депутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чалып, байланыша алган жок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Энергетика министрлигинин 105 номерлүү чалуу борборунун ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирди.

Ал министр Алтынбек Рысбековго кайрылып, жыйында отуруп эле, министр сүйлөп жатканда колл-борборго байланышууга аракет кылып, бирок 20 мүнөттөн бери жооп ала албаганын айтты.

“Мына, 20 мүнөт болду, албай жатышат. Кышында ар кайсы айылдарда жарык өчөт, эл колл-борборго байланыша алышпайт. Анан бизге чалып башташат. Колл-центрди кичине карап койбойсузбу? Керек болсо каражат бөлгүлө. Ыкчам түрдө маалыматты элге жеткирип турушсун. Атайын текшерейин деп чалсам, алышкан жок. Биз дагы сизге улам эле бул айылда свет өчүптүр, тиги айылда свет өчүптүр деп чала бербейм да”, - деди депутат.

Министр Алтынбек Рысбеков колл-центрге кошумча кадрларды алуу боюнча тапшырмалар берилип, кошумча орундар даярдалып, компьютерлер сатып алынганын билдирди.

“Биз дайыма кыш алдында чалуу борборунун ишин күчөтөбүз”, - деди ал.

Бекешев мындай көйгөй бир гана Энергетика министрлигинин эмес, башка министрликтердин да чалуу борборлорунда бар экенин белгиледи. Аны менен катар Көк-Жар айылында жарык тез-тез өчүрүлүп жатканы тууралуу министрге билдиргенде, ал ишенбей койгонун айтты.

“Бул боюнча бизге тургундар кайрылып, биз сизге кат жөнөткөнбүз. А сиз андай эмес деп баштадыңыз. Жарандар алдабайт”, - деди депутат.