Спикер дагы 2 жыл кышындагы электр өчүрүүлөрүнө чыдап турууну суранды
21 октябрь

Спикер дагы 2 жыл кышындагы электр өчүрүүлөрүнө чыдап турууну суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында, энергетика министринин 2026-2027-күз-кыш мезгилине даярдыктар тууралуу отчетунан кийин, спикер Марлен Маматалиев электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосу дагы да болуп тураарын билдирди.

Ал 30 жылда электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүдө көп мүчүлүштүктөр орун алганын белгиледи.

“Президентибиз бир нече жолу айтты, бул көйгөйдөн чыгуу жолдору жасалып жатат. Ал үчүн 300 миллион сом бөлүнгөн. 2 жылдын ичинде Кара-Кече ЖЭБин, чакан жана ири ГЭСтерди курсак, бул абалдан чыгып, импорт эмес, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн да алып калабыз. Ага чейин айрым жерлерде свет өчүп турат. Муну туура түшүнүп койсок”, - деди Маматалиев.