Кара-Кулжадагы кичи ГЭСке жергиликтүү тургундар каршы: депутат өкмөттүк комиссия түзүүнү сунуштады
21 октябрь

Кара-Кулжадагы кичи ГЭСке жергиликтүү тургундар каршы: депутат өкмөттүк комиссия түзүүнү сунуштады

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы дарыяга курулуп жаткан кичи ГЭС жергиликтүү жашоочуларга терс таасирин тийгизет. Мындан улам тургундар бул курулушка каршы чыгышууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Айтымында, аталган райондун тургундары ММКлар аркылуу кайрылуу жасашкан, ошондой эле бул маселени тиешелүү кызматтарга жеткирип берүүнү депутаттардан суранышкан.

“Кара-Кулжадагы Кара-Таш айылындагы дарыяга кичи ГЭС курулуп жатат, бирок бул элге зыян келтирчү долбоор экен. Ар бир долбоорду ишке ашыраарда жакшылап карап чыксаңар. Бир гана пайданы көздөбөй, элди да угуп койгула. Бул боюнча өкмөттүк комиссия түзүп, тиешелүү адистерди, керек болсо көз карандысыз адистерди жана жергиликтүү тургундарды кошуш керек”, - деди депутат.

Айтымында, ушул эле райондогу миң түтүн эл жашаган Сай айылындагы Тар дарыясында да кичи ГЭС курулуп жатат. Бул курулуш дагы элге терс таасирин тийгизет.

“Ооба, бизге энергетиканы өнүктүрүү керек, инвестор керек. Бирок ызы-чуунун кереги жок. Ар бир нерсеге өз убагында реакция кылуу керек”, - деди Өмүрзаков.