Жыл башынан бери Кыргызстанда эт дээрлик 18%, бензин 17% кымбаттады
2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 8,1%га өстү. Ал эми январь–сентябрь айларындагы орточо жылдык инфляция 11%ды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Баалардын өсүшүнө негизги факторлордун бири эттин кымбатташы болду. Бул азык-түлүк түрүнүн баасы 17,8%га жогорулады.
Сүт азыктары, сыр жана жумуртка 10,9%га, майлар 6,5%га, кант 5,8%га, нан 6,1%га кымбаттады.
Ошол эле учурда жашылчалардын баасы 20,7%га арзандады. Мунун эсебинен мөмө-жемиш жана жашылча азыктарынын жалпы баасы 9,1%га төмөндөдү.
Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы да кыйла өстү. Атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар 15,3%га, бензин 17,2%га, дизель майы 24,6%га кымбаттады.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, күйүүчү майдын кымбатташына Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда дүң баалардын жогорулашы жана темир жол аркылуу ташуу чыгымдарынын көбөйүшү негизги себеп болгон.
Азык-түлүк эмес товарлардын баасы орточо эсеп менен 6,8%га өстү. Анын ичинде кийим-кече жана бут кийим 5,5%га, тиричилик буюмдары жана техника 7,7%га кымбаттады.
