Кыргызстанда муздак суунун баасы 30%га өстү – Экономика министрлиги
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Кыргызстанда муздак суунун баасы 30%га өстү – Экономика министрлиги

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери муздак суу менен камсыздоо кызматынын баасы 30%га жогорулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Жалпысынан турак жай кызматтарынын, суунун, электр энергиясынын, газдын жана отундун башка түрлөрүнүн баасы 6,1%га өскөн.

Ал эми электр энергиясынын, газдын жана отундун башка түрлөрүнүн баасы 3,8%га жогорулаган.

Экономика министрлиги муздак суунун кымбатташын муниципалдык деңгээлде суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тарифтеринин кайра каралышы менен түшүндүрдү.

Тарифтерди жогорулатуу зарылдыгы сууну тазалоочу реагенттердин, электр энергиясынын чыгымдарынын көбөйүшү жана эскирген суу түтүктөрүн капиталдык оңдоого кеткен чыгымдар менен байланыштуу.

Мындан тышкары, коммуналдык кызматтардын баасына көмүр менен суюлтулган газдын сезондук кымбатташы, ошондой эле тейлөөчү ишканалардын күйүүчү майга, материалдарга жана эмгек акыга кеткен чыгымдарынын өсүшү да таасир эткен.