Мелис Мырзакматов президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок
Ош шаарынын мурдагы мэри, «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин коюшу мүмкүндүгүн билдирди.
Бул тууралуу ал журналист Эрнис Кыязовдун подкастында президенттик шайлоого катышуу планы бар-жогу тууралуу түз берилген суроого жооп берип жатып айтты.
Мырзакматов талапкерлигин коюуну көздөп жатканын так ырастаган жок, бирок мындай мүмкүнчүлүктү да четке каккан жок.
«Планын алдын ала ачыкка чыгарган кол башчы начар кол башчы. Мен эч кимден уруксат сурайын деген оюм жок. Конституция мага талапкерлигимди коюуга мүмкүнчүлүк берет. Баарын өзүм ойлонуп чечем. Белгиленген күнү бүт Кыргызстан Мырзакматов талапкерлигин койгон-койбогонун билет», — деди ал.
Маектин жүрүшүндө Ош шаарынын мурдагы мэри президенттик шайлоого башка саясатчылардын катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да пикирин билдирди. Ошол эле учурда ал айрым талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүдөн баш тартып, акыркы чечимди шайлоочулар кабыл аларын белгиледи.
«Азыркы президентибизден баштап, кыргыздын бардык эр-азаматтары татыктуу. Баары татыктуу. Чечимди эл кабыл алат», — деди Мырзакматов.
Анын пикиринде, президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ар кандай саясий топтордун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, айрым талапкерлердин айланасына биригүүлөр болушу мүмкүн.
Ошентип, Мелис Мырзакматов азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин расмий жарыялай элек. Ал талапкерлигин коюу маселесин ачык бойдон калтырды.
