Президент Кыргызстандын алдыдагы 5 жылга карата өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде өлкөнүн алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык милдеттерин белгиледи.
Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн иш-чарада мамлекеттик саясаттын 2030-жылдын аягына чейинки негизги артыкчылыктары аныкталды.
Президент өз сөзүндө өткөн беш жылдык мамлекеттик институттарды калыбына келтирүүнүн, экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалын түптөөнүн жана социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнүн жигердүү мезгили болду деди.
"Учурда биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштадык. Эми алдыбызда мындан да чоң милдет турат. Атап айтканда, жетишилген өсүштү ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун арттырууга багыттоонун, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн узак жылдарга камсыз кылуунун жана келечек муундар үчүн күч-кубаттуу мамлекетти куруунун милдети.
Светтик мамлекеттин негиздерин бекемдөө, ата-бабаларыбыздан калган руханий-адеп-ахлактык баалуулуктар, Айкөл Манастын мурасы, «Кыргыз жараны» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу коомубузду бириктирген негизги баалуулуктар, негизги ураан бойдон калат.
Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу күчтүү өнөктөш өлкөлөрдүн катарында туруп, ошол эле маалда жаңы геоэкономикалык реалдуулуктарды эске алып, Кыргызстан келечекте динамикалуу өнүккөн өлкө болууга тийиш", - деди президент.
Мамлекет башчысы өлкө саясаты төмөнкү принциптерге негизделе тургандыгын кошумчалады.
1. Мамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратеги жана архитектору катары иш алпарышы зарыл.
2. Элдин жана ишкерлик менен алектенген жарандардын мамлекетке ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эреже болушу кажет.
3. Социалдык саясаттын көңүл чордонунда ар дайым үй-бүлө жана бала турушу керек.
4. Ачык-айкын, жоопкерчиликтүү иш жүргүзүү менен салык төлөп, жумуш орундарын түзгөн ишкерлер ар тараптан коргоого алынышы зарыл.
5. Ар бир районго жумуш орундарын түзүү, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен, аймактардын гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу зарыл.
