Кыргызстанда 2027-жылдан тарта жеке салыктык чегерүүнү көбөйтүү сунушталууда
Жогорку Кеңеш 21-октябрда Кыргызстандын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.
Документтин демилгечилери — депутаттар Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев жана Алтынбек Кудайбердиев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Мыйзам долбоорунда жеке салыктык чегерүүнү этап-этабы менен көбөйтүү каралган. Тактап айтканда, 2027-жылдын 1-январынан тарта аны салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн 10 эсептик көрсөткүчкө, 2028-жылдын 1-январынан тарта 20 эсептик көрсөткүчкө, ал эми 2029-жылдын 1-январынан тарта 25 эсептик көрсөткүчкө жеткирүү сунушталууда.
Демилгечилердин бири Мирлан Жээнчороев белгилегендей, стандарттык жеке салыктык чегерүүлөрдүн жана багуусундагы адамдар үчүн чегерүүлөрдүн өлчөмү 2002-жылдан бери кайра каралган эмес.
Анын айтымында, учурдагы өлчөмдөр топтолгон инфляцияны жана эмгек акынын өсүшүн эске албай калган.
Мыйзам долбоорунун авторлору сунушталган өзгөртүүлөр жарандардын салыктык жүгүн азайтууга, колдо болгон кирешесин көбөйтүүгө жана калкты социалдык жактан коргоону күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет.
