Кыргызстанда “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт
Министрлер кабинети
21 октябрь

Кыргызстанда “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. 

МинКаб Төрагасы отурумду ачып жатып, бүгүн Президенттин Администрациясында өткөрүлгөн алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө республикалык кеңешмеде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттерди коюп, артыкчылыктуу багыттарды аныктаганын, эми берилген тапшырмаларды Министрлер Кабинети кынтыксыз аткарууга тийиш экенин билдирди. 

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин бул жолку жыйыны президент белгилеген артыкчылыктуу милдеттердин уландысы экенин кошумчалады.  

Бул багытта отурумдун күн тартибине – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун кароо киргизилген. 

Кароого киргизилген документ жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун баяндамасы угулуп, анда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ыйгарым укуктуу органдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатын көздөөрү белгиленди. 

Талкуудан соң Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жаңы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү чечимин кабыл алышты. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Отурумдун соңунда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу – мамлекеттин эң артыкчылыктуу иши экенин айтып, алдыдагы беш жылга ар бир айыл боюнча так план түзүүнү, таза сууга байланышкан курулушка бөлүнгөн каражаттын натыйжасы болушу керектигин кошумчалап, курулуштун сапатын, мөөнөтүн жана мыйзамдуулугун сактоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.