Акжол Махмудов баштаган спортчулар Астанада Дүйнө чемпионатына катышат
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Акжол Махмудов баштаган спортчулар Астанада Дүйнө чемпионатына катышат

Казакстандын Астана шаарында 24-октябрдан 1-ноябрга чейин чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Дүйнө биринчилигинде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат.

Аталган эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын 22 спортчу коргойт: грек-рим күрөшү боюнча 10, эркин күрөш боюнча 8 жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан кирди.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамы грек-рим күрөшү:

  • Кутман Калбаев - 55 кг чейинки салмакта;
  • Курманбек Жапаров - 60 кг чейинки салмакта;
  • Афтандил Таалайбек уулу - 63 кг чейинки салмакта;
  • Раззак Бейшекеев - 67 кг чейинки салмакта;
  • Амантур Исмаилов - 72 кг чейинки салмакта;
  • Ырыскелди Максатбек уулу - 77 кг чейинки салмакта;
  • Акжол Махмудов - 82 кг чейинки салмакта;
  • Азат Салидинов - 87 кг чейинки салмакта;
  • Үзүр Жусупбеков - 97 кг чейинки салмакта;
  • Ильхам Токтаев - 130 кг чейинки салмакта.

Эркин күрөш:

  • Абдымалик Карачов - 57 кг чейинки салмакта;
  • Асан Өмүрбек уулу - 61 кг чейинки салмакта;
  • Тайырбек Жумашбек уулу - 65 кг чейинки салмакта;
  • Эрназар Акматалиев - 70 кг чейинки салмакта;
  • Орозобек Токтомамбетов - 74 кг чейинки салмакта;
  • Жакшылык Байташов - 79 кг чейинки салмакта;
  • Малик Шаваев - 86 кг чейинки салмакта;
  • Яков Чаплин - 92 кг чейинки салмакта.

Кыз-келиндер күрөшү:

  • Гүлнур Таштанбекова - 65 кг чейинки салмакта;
  • Мээрим Жуманазарова - 68 кг чейинки салмакта;
  • Нурзат Нуртаева - 72 кг чейинки салмакта;
  • Айпери Медет кызы - 76 кг чейинки салмакта.