Президент агартуу министрине сөгүш берүүгө ниеттенип жатканын айтты
23 октябрь

Президент агартуу министрине сөгүш берүүгө ниеттенип жатканын айтты

Президент Садыр Жапаровдун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуусунда, райондогу №31 мектептин мурдагы директору Зарема Айтмаматова түз жерден соттолуп кеткенин билдирди.

Мурдагы директордун айтымында, аны аймактык милиция кызматкерлери тергөөгө колунан сүйрөп алып барып, өздөрүнө ылайык көрсөтмө алып алышкан. Ал эми “коррупцияга баткан сот кичүү баласы 14 жашка чыккандан кийин жаза мөөнөтүн өтөө тууралуу өкүмүн чыгарган”.

Облустук прокурордун айтымында, мында “мертвая душа” деп аталган схема иштеген. Мурдагы директор жогорку билими жок күйөөсүн дене тарбия мугалими кылып жумушка алган, андан сырткары Москвада иштеп жүргөн мигранттарды мектептеги кызматкерлер катары табелге жазып, алар үчүн айлык алып жүргөн.

“Мунун баары изилденип, тастыкталгандан кийин сот өкүм чыгарган”, – деди облустук прокурор.

Президент мындай иштердин болуп жатканына илгеркидей кагаз менен калып кеткен агартуу министрлигинин ишмердүүлүгүн айыптады.

“Ушул убакка чейин санарипке өтө элексиңер. Эгерде санариптешүү болгондо ким канча айлык алып атат, кайсы жерде канча кызматкер иштеп жатат – баарын көрүп турмаксыңар. Мындай алдоолор болмок эмес. Мурда Соцфонддо да ушундай болгон – 2-3 жыл мурда көзү өтүп кеткен адамдардын пенсиясын чөнтөктөрүнө салып жүрө беришкен. Санарип киргизилгенден кийин уурдай албай калышты. Агартуу министрлиги толуп кандуу санариптешүүгө өтүшү керек. Министр айымыңарга айта баргыла. Мен министрге айрыкча, Нарындагы китеп маселесинен кийин сөгүш берейин деп аткам. Нарынга 15 миң китеп жиберишиптир, анын 5 миңи таркатылып, 10 миңи кампада жата бериптир. Санариптешүүгө өткөндө ушундай нерсе болмок эмес”, – деди президент.