“Аларыңыз чогуу чай ичип жүрүшөт”: ЖК депутаты Айбек Алтынбеков жергиликтүү бийликти “коркутуп” алганы айтылды
Садыр Жапаровдун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун президентке Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков гектарлаган жерлерди мыйзамсыз басып алганын билдирди.
“10 жылдан ашуун убакыттан бери базаркоргондук Айбек Алтынбеков Жогорку Кеңеште депутат болуп отурат. Жергиликтүү бийликтегилер анын айтканын кылбай койсо, трибунадан ар нерсени айтып, жазалайт. Базар-Коргондо мен билгенден 20 гектардан ашуун жерди мыйзамсыз ээлеп алган. Анын ичинде борбордук базар дагы бар. Базардагылардын баарын безилдетет. Жалган айтсам эл карап турат”, – деди тургун.
Президент акимге кайрылып, бул боюнча маалымат алууга аракет кылды.
“Аларыңыз чогуу чай ичип жүрүшөт. Кайдан билишмек эле?” – деди анда тургун.
Облустун прокурорунун айтымында, бул боюнча иш козголгон. Депутат мыйзамсыз жерге кирпич заводун курган, ал учурда мэрияга өткөрүлгөн. Дагы 9 гектар жерге сунуштама берилген жана учурда соттук кароодо.
“Муну да мамлекеттин карамагына алабыз”, – деди прокурор.
Айтымында, кирпич заводун депутат өзү курган, бирок ал турган жер мыйзамсыз өткөрүлгөн.
Тургун Айбек Алтынбековго тиешелүү борбордук базарда узундугу 2 метрге жетпеген орун үчүн соодагерлер 30-40 миң сомдон ижара акысын төлөөрүн кошумчалады.
“Заводдун жанындагы жерди туугандарына бөлүп берген, артканын элге сатып жиберген жер тилке кылып. Анын документи бүтпөй, сиздин мунапыс тууралуу жарлыгыңыздын негизинде эл өзүнө өткөрдү. Эгерде документ мунапыстын негизинде бүтсө, депутат элден алган акчасын мамлекетке кайтарып берсин”, – деди ал.
Президент өндүрүштү колдоо керектигин билдирди. Депутаттын кирпич заводу иштеп жаткан болсо, аны мамлекетке өткөргөндөн кийин иштебей калышы мүмкүндүгүн белгиледи. Ошондуктан завод турган жерди мыйзамдаштырып, ээсине кайтарып берүү жолдорун караштырууну тапшырды.
