Президент турак жай курууга жер эмнеге бөлүнбөй жатканын түшүндүрдү: 20-30 жылдан кийин жерибиз калбай калат
Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда Кыргызстанда 20-30 жылдан кийин жер калбай калышы мүмкүндүгүн билдирди.
Ал тиешелүү кызмат адамдарына айдоо жерлерди трансформация кылууну токтотууну эскертти.
“Жер боюнча дайыма айтып келем. Жерибиз тар. Аймактын баарын алып караганда Кыргызстандын 94 пайызын тоолор түзөт, түздүк жер болгону 6 пайыз. Анда айылдар, шаарлар жайгашкан, андан калганы айдоо жерлер. Союз мезгилинде элибиздин саны 3,5 млн болсо, азыр 7,5 млнго жеттик. Мындан ары да көбөйөбүз. Эгерде үй курууга жерлерди бөлүп бере берсек, дагы 20-30 жылдан кийин жер калбай калат”, - деди президент.
Садыр Жапаров жер маселесин чечүү максатында бийиктикке карай өсүү чечимин кабыл алганын жана Базар-Коргон районунда 12 кабаттуу үйлөр салына баштаганын билдирди.
“Базар-Коргондо 12 кабат үй курулат деген түшүңөргө кирди беле? Мындай кылбасак жерибиз калбай калат. Мурда буудай менен өзүбүздү 40 пайыз камсыз кылсак, азыр 35 пайызга түшүп калды. Калганын орустардан, казактардан сатып алабыз. Башка азык-түлүктөр менен дагы толук кандуу камсыздай албай келебиз. Ушуну айтсам эле тескери бурушуп, Садыр Жапаров кыргыздарга жер бербей, кытайларга 49 жылга берип жатат деп башташты”, - деди ал.
