Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдейт
Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдейт, деп билдирет Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Самарканд шаарында өткөн дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук социалдык коргоо агенттигинин ортосунда социалдык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Тараптар социалдык коргоо жаатында тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө, калктын аярлуу катмарлары үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, санариптик чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле социалдык кызматкерлерди даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууга ниеттенишүүдө.
Бул меморандум ведомстволор ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоодо жана калкты социалдык жактан колдоо механизмдерин өркүндөтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
