7 айыл башчысынан 2,5 млн сомдон алышкан: Бешик-Жондогу мыйзамсыз иш президентке жетти
Базар-Коргон районундагы айыл аймактарынын жаш курагы 70тен ашып калган башчылары камалып, ар бири 2,5 миллион сомдон төлөп чыгышкан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуусунда мурда Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген Алтынбек Адишов билдирди.
Айтымында, аталган айыл өкмөтүндө элге турак жай курууга 2 гектар жер трансформацияланган. Ага Мамлекеттик каттоо кызматынан документтер келген. Бирок бөлүнө турган жерди карай келгенде айылдык мазар болуп чыккан.
“Мазарды кантип элге бөлүп бермек элем. Элдин макулдугу, жергиликтүү кеңештин протоколу менен анын жанындагы жерди бөлүп бергем. Андан кийин башка айыл өкмөтүн башкарып жаткан учурумда мыйзамсыз жер бөлүп берген деген жүйө менен мени камашты, бир канча күн абакта жатып чыктым”, - деди ал.
Президент Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөткөндөн башка жерди трансформациялоо мыйзамсыздык экенин белгиледи. Аны менен катар ошол жерге кызыл китеп берген Кадастр дагы айыптуу экенин кошумчалады.
Мурдагы айыл өкмөт башчысы өзүнөн башка дагы 7 айыл аймак башчылары кармалганын айтты.
“Алардын баары жаш курагы 70тен ашкан кишилер. Баарын алып барып камашып, 2,5 миллион сомдон төлөтүштү. 500 миңден 1,5 миллионго чейинкисин Жалал-Абадды өнүктүрүү үчүн деп жаздырып алышкан. А калган акча кайда кеткени белгисиз”, - деди.
Садыр Жапаров райондун прокуроруна бул ишти кылдат иликтөөнү, калган акча кимдин чөнтөгүнө кеткенин иликтөөнү тапшырды.
“Анан мага маалымат бересиңер”, - деди мамлекет башчы прокурорго.
