Президент аткаминерлерге эскертти: Кызыл китеби барларга тийишпегиле
Президент Садыр Жапаровдун Манас шаары жана Сузак районунун тургундары менен жолугушуусунда жерге байланышкан маселелер көбүрөөк айтылды.
Тургундардын бири 2005-жылы сатып алган саздак жерди өз күчү менен тазалап, үй курганын, бирок 20 жылдан кийин ал жер унаа токтоуучу аймакка кирип калганын билдирди. Айтымында, жердин кызыл китеби бар, ага карабай тийиштүү кызматтар тарабынан жерди бошотуу талабы коюлган.
Дагы бир тургун Манас шаарында 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштетип келаткан унаа оңдоочу, жуучу жана май алмаштыруучу жайын 2024-жылы тартып алып коюшканын айтты. Мында да кызыл китеп болгон.
“Кызыл китеби барларга тийишпей эле койгулачы. Жалал-Абад, Ош боюнча ушундай чыр-чатактар көп. Бишкекте да бар. Ал жакка да ушундай тапшырма бердим: кызыл китеби барлардын маселесин чечип бергиле. Эгерде алардын жери мамлекетке чындап эле керек болуп калса, ордуна башка жактан жер бергиле”, - деди президент.
