Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарын жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү күчөтүүгө чакырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары жер жана мүлк талаштары, укукту ырастоочу документтерди тариздөө, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, турак жай менен камсыз кылуу, ишкерлерди колдоо жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү маселелерин көтөрүштү.
Жер мамилелерине, анын ичинде трансформациядан өткөн жер тилкелерин тариздөөгө байланыштуу маселелер боюнча Президент облустук жетекчиликке айтылган жагдайларды текшерүүнү тапшырды. Ал ошондой эле жер мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынган учурда жарандарга кенемте же башка жер тилкеси берилиши керектигин баса белгиледи.
Кылмыш иштерине, соттук териштирүүлөргө жана мүлк талаштарына байланыштуу кайрылуулар да талкууланды. Президент Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине жолугушуу аяктагандан кийин арыз ээлери менен жолугуп, берилген материалдарды изилдөөнү тапшырды.
Тургундар ошондой эле жолдордун жана көпүрөлөрдүн абалына, кооптуу тилкелерге жол чырактарын орнотуу зарылдыгына жана Майлуу-Суу шаарында медициналык кадрлардын жетишсиздигине көңүл бурушту. Президент тиешелүү министрликтерге белгиленген көйгөйлөрдү иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарын тургундардын көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга жана келип чыккан маселелерди жеринде чечүүдө аларга көмөк көрсөтүүгө чакырды.
