Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык кызматташтык маселелерин талкуулашты
Эмгек министрлиги
23 октябрь

Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык кызматташтык маселелерин талкуулашты

«Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу» дүйнөлүк саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Өзбекстан Республикасынын Жумуш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министринин орун басары Раьно Эшовна Турдибоева менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакырчылыкты кыскартуу, калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, үй-бүлөлүк ишкердикти колдоо, жарандардын эмгек укуктарын коргоо жана даректүү социалдык колдоо чараларын ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу социалдык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашууга жана эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулоого аянтча болду.