Ошто жылына 310 миң тоннага чейин таштанды утилдештирүүчү заводдун курулушу уланууда 
Ош мэриясы
10 июль

Ошто жылына 310 миң тоннага чейин таштанды утилдештирүүчү заводдун курулушу уланууда 

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 9-июлда таштандыларды утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш аянтына барып, иштердин жүрүшү менен таанышты.

Мэриядан билдиришкендей, курулушту Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы жүргүзүүдө. Жолугушууда мэр курулуш темпин күчөтүп, белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Шаар башчысы заводдун курулушуна байланыштуу бардык маселелер мэрия тарабынан ыкчам чечилерин билдирди.

Завод ишке киргенден кийин жылына 310 миң тоннага чейин таштанды утилдештирилет. Ошол эле учурда электр энергиясы өндүрүлөт.

Долбоор бардык экологиялык талаптарга жооп берет.