Кыргызстан жыл башынан бери Россиядан $4 млн чипсы сатып алды
Россия 2026-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча дээрлик 100 млн долларлык картошка чипсыларын экспорттоду. Бул байкоолор жүргүзүлө баштагандан берки алгачкы беш ай үчүн эң жогорку көрсөткүч болду.
Бул тууралуу Россиянын Федералдык «Агроэкспорт» борбору билдирди.
Аналитиктердин маалыматына ылайык, россиялык чипсылардын экспорту акчалай да, көлөм жагынан да өскөн.
Экспорттун наркы 29%га көбөйүп, дээрлик 100 млн долларга жетсе, физикалык көлөмү 11%га өсүп, 21 миң тоннадан ашты.
Жыл башынан бери Россияда өндүрүлгөн чипсылар дүйнөнүн 35тен ашык өлкөсүнө экспорттолду.
Эң ири сатып алуучу Беларусь болуп, бул өлкө 33 млн долларлык продукция импорттоду. Экинчи орунда Казакстан – 29 млн доллар.
Алдыңкы бештикке ошондой эле Өзбекстан (13 млн доллар), Азербайжан (7 млн доллар) жана Кыргызстан (4 млн доллар) кирди.
«Агроэкспорт» борборунда белгилешкендей, россиялык картошка чипсылар экспорт боюнча рекорддук көрсөткүчтөрүн жаңылоону улантууда.
Акыркы жылдары Россия чет өлкөлөргө балмуздак жана шоколад экспортун да көбөйтүп келет. Бул продукциялардын негизги сатып алуучулары да, чипстардагыдай эле, КМШ өлкөлөрү бойдон калууда.
