Сокулук районунда 58 чакырым жол асфальтталат
10 июль

Сокулук районунда 58 чакырым жол асфальтталат

2026-жылдын планына ылайык, Сокулук районунда жалпы узундугу 58,8 чакырым жолду асфальттоо каралган. Учурда аталган райондо бир катар маанилүү жол тилкелеринде курулуш жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, Манас – Камышановка унаа жолунун 10 чакырымын жасоо каралган, бүгүнкү күнгө карата анын 3 чакырымы асфальтталды. Ошондой эле Бишкек – Күнтуу – Шопоков автомобиль жолунун 12,4 чакырымын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.  Луговое-Ат-Башы канал унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүп башталды.

Мындан сырткары, Романовка – Камышановка автомобиль жолунун 5 чакырымы, ошондой эле Восточная – Жаңы Пахта жолунун 5 чакырымы оңдолууда.

Белгиленген объектилерден тышкары, Сокулук районунун башка калктуу конуштарында да жолдорду оңдоо, куруу жана инфраструктураны жакшыртуу иштери үзгүлтүксүз улантылып, жол тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө.