www
10 июль
Ысык-Көлдүн аймагында 8 миңден ашык суур катталды
Ысык-Көл облусунда суурлардын санын эсепке алуу иштери жыйынтыкталып, аймакта жалпысынан 8 миң 257 баш суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын алкагында белгиленген маршруттар боюнча талаа байкоолору уюштурулуп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү тууралуу маалыматтар топтолду.
Белгиленгендей, суурларды эсепке алуу иштери жапайы жаныбарлардын санын аныктоо боюнча бекитилген нускамага ылайык жүргүзүлдү.
