Талас мэриясы
10 июль
Талас шаарында жаныланган төрт көчө ачылды
Талас шаарында күн мурун, 9-июлда жаңыланган төрт көчө салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Пайдаланууга берилген көчөлөр:
- Шекербек Шеркулов көчөсү – 1300 метр аралыкта толук реконструкцияланды;
- Өзүбек Шамбетов көчөсү – 622 метр аралык капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
- Ж. Мырзалиев көчөсү – 1276 метр аралык заманбап талаптарга ылайык жаңыланды;
- Ислам Сарыгулов көчөсү – Бердике Баатыр көчөсүнөн Асанбек Оторбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.
Жаңыланган көчөлөр шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүп, Талас шаарынын өнүгүүсүнө дагы бир чоң салым кошот.
