Тазалыкка талап: абоненттердин саны 425 миңге чейин көтөрүлөт
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөновду кабыл алды. Жолугушууда шаардын санитардык абалы, таштанды чыгаруу кызматы жана абоненттик базаны кеңейтүү маселелери каралды.
Шаар мэри учурда расмий катталган абоненттердин саны 387 миңден ашканын, бирок шаарда жашаган калктын реалдуу саны кыйла көп экенин белгилеп, сентябрь айынын аягына чейин абоненттердин санын 425 миңге жеткирүүнү тапшырды.
«Тазалык кызматы көрсөтүлсө, анын акысы өз убагында төлөнүшү керек. Бул шаарды таза кармоонун негизги шарттарынын бири», – деди мэр.
Ишкана жетекчиси Жылдызбек Көчкөнов көп кабаттуу үйлөрдө жашоочулардын саны толук көрсөтүлбөгөн учурлар кездешерин айтып, учурда абоненттик базаны тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Ошондой эле дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча иштер күчөтүлдү. Карызы бар абоненттерге эскертүүлөр берилип, үч айдан ашык төлөбөгөн жана карызы 5 миң сомдон жогору болгон жарандарга карата соттук тартипте өндүрүү чаралары көрүлүүдө. Жыл соңуна чейин дебитордук карызды 5 млн сомго чейин кыскартуу пландалууда.
